Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:39

“Достук”: үчүнчү өлкөнүн жарандары чектөөсүз өтүп жатат


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара аскерлеринин маалымат кызматынын билдиришинче, Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде каттамды чектөө уланууда. Маалыматка ылайык, өзбек тарап өздөрүнүн жарандарын өткөрүп, Кыргызстанга кыргыз жарандарын гана чыгарууда. Кыргызстандын жарандарын Өзбекстандан чакыруусу, же бул өлкө аркылуу башка жакка уча турганын тастыктаган билети болгондо гана өтүүдө. Ал эми үчүнчү өлкөнүн жарандары чектөөсүз өтүп жатат.

Өзбекстандан "Достуктагы” мындай чектөөлөрдү 18-июлдан баштап, Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан кийин киргизди.

2010-жылдагы Кыргызстандагы окуялардан кийин Өзбекстан "Достук" жана башка 7 чек ара бекетти жаап салган болчу. Расмий Ташкент “Достукту” көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин былтыр 26-октябрда гана ачкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG