Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Кыргызстан транзиттик борбордон жылына 150 млн. доллар пайда табат


Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы транзиттик борборунун жетекчиси Кори Мартин бүгүн билдирди. Мартин Жогорку Кеңештин депутаттарын жана журналисттерди борбордун иши менен тааныштыруу учурунда Ооганстанга учкан учактардын 30 пайызына ушул борбордон май куюларын айтты. Бир айда 11 миллион фунт жүк ташыларын, бир күндө 2 миңдей аскер келип кетерин маалымдады. Борбордо такай 1,5 миңдей аскер болоорун жана жарандык кызматта иштеген 900 киши болсо, алардын 700дөйү Кыргызстандын жарандары экенин белгиледи.

Транзиттик борбордун мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы АКШнын аскердик базасы "Манас" аба майданында жайгашып турганын опурталдуу деген оюнан кайтпай келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG