Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

"Достук" өткөрмө бекети мурдагыдай иштей баштады


Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети мурдагыдай иштей баштаганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара аскерлеринин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Өзбекстан кечээтен баштап эки өлкө жарандарын жана транспорттук каражаттарды эртең мененки саат 8ден кечки сегизге чейин кадимкидей режимде өткөрүүгө өттү.

18-июлда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде каттамды чектөө киргизилген болчу. Анда өзбек тарап өздөрүнүн жарандарын өткөрүп, Кыргызстанга кыргыз жарандарын гана чыгарып жаткан. Өзбекстан "Достуктагы” мындай чектөөлөрдү Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан кийин киргизген болчу.

2010-жылдагы Кыргызстандагы окуялардан кийин Өзбекстан "Достук" жана башка 7 чек ара бекетти жаап салган болчу. Расмий Ташкент “Достукту” көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин былтыр 26-октябрда гана ачкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG