Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:05

ГЭСтер боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү сентябрда макулдашат


Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 жана жогору Нарындагы ГЭСтерди куруу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрүнүн макулдашуусунун долбоору ушул жылдын сентябрь айына чейин даярдалат. Мындай чечим 24-июлда Москвада эки өлкөнүн премьер-министрлери Өмүрбек Бабанов менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусунда айтылды. Расмий маалыматка ылайык, август айында Кара-Кечедеги жылуулук борборун куруу долбоору боюнча Кыргызстанга орусиялык адистер келет.

Бул жолугушууда Медведев мындай ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанды Орусиядан буга чейин алган карыздарды төлөөгө чакырды. Расмий Бишкек Москвага 500 миллион доллар бересе. (EBM)

XS
SM
MD
LG