Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Пан Ги Мун Македония менен Грекиянын талашын чечүүгө жардам берет


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Македония парламентин Грекия менен жылдардан бери созулуп келаткан талашты жөнгө салууга жардам берээрине ишендирди. Скопье шаарында Македония президенти Гьорге Иванов менен кездешкенден кийин мыйзам чыгаруучулардын алдында сүйлөгөн баш катчы талаштын создугуп кеткенине өкүнүчүн билдирди.

Мурдагы Югославия курамындагы жумурият 1991-жылы көз карандысыздыкка жетишкенден бери Грекия менен талашып-тартышып келатат. Анын айынан Афины Македониянын НАТОго кирүүсүнө каршы болууда. Эмне дегенде Грекиянын түндүгүндөгү аймак да Македония деп аталат. 130дан ашык мамлекет Македониянын ушундай аталышын тааныган. Бирок БУУда ал дагы эле “Мурдагы Югославиянын Македония жумурияты” деп аталып жүрөт.

XS
SM
MD
LG