Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Кыргыз журналисти ооган-тажик чегинде калып калды


Учурда чек арада калып калган кыргызстандыкты алып келүүгө аракет көрүлүп жатканын “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев кабарлады. Журналист, Кыргызстандын жараны Улугбек Бабакулов Тажикстандагы тополоңдон улам өлкөдөн чыга албай калган. Бабакулов Ооганстандагы памирлик кыргыздар тууралуу маалымат топтоо үчүн барган. Тажик-ооган чек арасындагы Ишкашим районунда түбү кыргызстандык, Орусия жараны Эгамберди Кабуловдон сырткары Германия, Польша, Франциядан барган туристтер бар экени айтылууда. Исаевдин маалыматы боюнча, аталган райондо Бабакуловдон башка кыргызстандык жаран жок.

Тажикстандын Хорог шаарында мыйзамсыз куралдуу топко каршы урушта 30 согушчан жок кылынып, 12 аскер окко учканы, 23 жоокер жарадар болгону расмий маалымдалды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG