Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Жаңы-Өзөнгө атайын аскерлер киргизилди


“Жаңы-Өзөндүн борбордук аянтында эки күндөн бери атайын аскер бөлүгү турат”,-деп жазды "Интерфакс-Казакстан" маалымат агенттиги. Бул маалыматты жергиликтүү акимиат да тастыктап, аймакта полициянын иши күчөтүлгөнүн маалымдады.

«Интерфакс Казакстан» агенттиги жергиликтүү жашоочунун сөзүнө таянып, Жаңы-Өзөн окуясы боюнча соттун акыйкатсыз жана катаал чечимине нааразы болгондор борбордук аянтта ачкачылык акциясына чыгууга камынып жатышканын кабарлаган. “Соттолгондордун жакындарына көпчүлүк жаңыөзөндүктөр да кошулууга даяр, анткени окуяга негизги күнөөкөрлөрдүн бири, мурдагы аким Жалгас Бабахановго сот өтө жумшак өкүм чыгарды”, - деди жергиликтүү жашоочу аталган агенттикке курган маегинде.

20-июлда сот мурдагы акимди эки жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Жаңыөзөндүктөр учурда нааразылык митингине чыгуу үчүн бийликтен расмий уруксат сурап кайрылуу ниетинде турушат. Өткөн жылы Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында бийликке нааразы болгон мунайчылар каршылык акциясына чыгып, полициянын огунан 16 киши набыт болгон. Сот окуяны уюштурган деп күнөөлөнгөндөрдү 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG