Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:42

Кыргызстандык тогуз коргоолчулар 4 коло медал алды


Чехиянын Пардубье шаарында 13-25-июлда дүйнө элдеринин улуттук оюндары боюнча дүйнөлүк мелдеш өттү. Ага 44 мамлекеттин спортчулары катышты.

Пардубьеде башталган блиц-турнирлер кийин Прагада, Австриянын Вена, Германиянын Дрезден, Түркиянын Стамбул шаарларында улантылды. Тогуз коргоол боюнча он төрт мамлекеттин оюнчулары катышкан мелдеште Кыргызстандын 5 эркек, 5 кыздан турган курама командасы үчүнчү орунду ээледи. 1-орунга Казакстан, 2-орунга Монголиянын командасы чыкты.

Кыргызстандын курама командасынан эки бала менен эки кыз төрт коло медаль утуп кайтышты. Бул тууралуу бүгүн кыздардын курама командасын жетектеген Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт боюнча усулдук борбордун деректири Абдыжапар Капаров билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG