Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

ИИМ реформасы талкууланат


Бүгүн Бишкекте Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча жарандык коом өкүлдөрү иштеп чыккан концепция талкууланат. Бул тууралуу аталган концепцияны иштеп чыккан “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмесинен билдиришти. Бирикменинин мүчөсү Урмат Казакбаевдин айтымында, концепцияны даярдоо үчүн өлкөнүн баардык аймактарында коомдук угуулар уюштурулуп, сурамжылоолор жүргүзүлгөн.

Талкууга коюлган концецияга ылайык, ИИМдин өздүк курамын жаңылап, кызматкерлерди ачык конкурстун негизинде тандоо, министрлик жетекчилигине мурда укук коргоо органдарына иштебеген адамдарды тартуу, милициянын ичинде тармактык бөлүмдөрдү түзүү сыяктуу өзгөртүүлөр камтылган.

- Буга чейин ИИМ эки жолу реформа кылабыз деп убада берип, бирок андан майнап чыккан жок. Мындан улам жарандык коомдун көмөгү менен бул реформа ишке ашпаса, эч кандай алга жылышты күтүү мүмкүн эмес. Ошондуктан өз сунушубузду айтып чыктык, - деди Урмат Казакбаев.

Жалпысынан ИИМди реформалоо боюнча үч концепция сунушталып жатат. Биринчиси, мекемелер аралык комиссия иштеп чыккан документ. Экинчиси, жогоруда аталган жарандык коомдун концепциясы, үчүнчүсү, ИИМдин өзүнүн концепциясы. Министр Зарылбек Рысалиевдин айтымында, мекемелер аралык иштелип чыккан документтин айрым жагдайларында пикир келишпестиктер бар. Ошол себептүү жаңысы сунушталууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG