Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Боронов: Ала-Арча суусунун деңгээли азайды


Ала-Арча капчыгайынын жогорку бөлүгүндө суу мурдагы калыбына түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

- Суунун деңгээли шаар ичинде да түшөйүн деп калды. Эртең менен башталган суу ташкын Бишкекке түштө жетти. Эми бул кечке чейин барып өзүнүн нугуна түшөт. Азыр суунун деңгээли 30-35 кубдан, 15-20 кубга түштү. Эч кандай каптоо болгон жок. Кудайга шүгүр, тынч, - деди Боронов.

Азыр ташыган Тез-Төр көлүндө суу калбай калды. Табак түрүндөгү көлдүн суусу басымдын натыйжасында жана көл астындагы тешиктер аркылуу дээрлик агып бүттү. Көлдүн көлөмү 100 миң куб метрди түзүп турган. Көлдүн ташышы күндүн катуу ысып, мөңгүлөрдүн көп эриши менен түшүндүрүлүүдө.

Бүгүн ыктымал коркунучтан улам Ала-Арча суусун бойлой эс алып жүргөн жарандар жана дачалардын жашоочулары коопсуз жайга чыгарылып, азыр алар кайра үйлөрүнө кайтышты. (KKs)

XS
SM
MD
LG