Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:46

Пакистан АКШдан 1,118 миллиард доллар алды


Пакистан террордук уюмдарга каршы күрөшүү үчүн АКШдан 1,118 миллиард доллар алды. Пакистандын Мамлекеттик банкынын өкүлү Саед Вазимуддин "Азаттыкка" курган маегинде акча шаршембиде түшкөнүн бышыктады.

Өткөн ноябрда пакистандык 24 жоокер НАТОнун аба соккусунан набыт кеткенден кийин эки өлкөнүн мамилеси начарлап, Вашингтон каржылоону токтотуп койгон. Исламабад жооп катары Ооганстанга жүк ташуучу жолду бууп салган. Бир нече күн мурун Ооганстанга жүк ташууну жөнгө салган келишимге жетишилген. Ал эми каржылоону жандандыруу чечими НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы командачысы генерал Жон Аллендин Пакистанга сапары алдында кабыл алынып отурат. Аллен Пакистандын башкы штабынын жетекчиси генерал Ашфак Каяни менен жолугушмакчы.

XS
SM
MD
LG