Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

БУУнун Башкы ассамблеясы Сирия боюнча резолюциянын долбоорун талкуулайт


Резолюцияда Сирия боюнча эл аралык чабарман Кофи Аннандын тынчтык планын колдоо керектиги белгиленип, Сириянын бийлигине адам укуктарынын бузулушу боюнча сындар айтылган. Ошол эле учурда Дамаскка карата эл аралык санкцияларды киргизүү жана президент Башар Асадды кызматтан кетирүү чакырыгы документте жок. Бирок Орусия менен Кытай резолюциянын бул долбооруна каршы болуп жатышат. Резолюцияны кабыл алууга Башкы ассамблеяда көпчүлүктүн добушу керек. Ал резолюция Коопсуздук кеңешинин чечимдеринен айырмаланып, милдеттендирбейт. БУУнун Коопсуздук кеңешинде биримдиктин жоктугунан Кофи Аннан август айынын акырында эл аралык чабарман кызматын өткөрүп берүүнү чечкенин билдирди.

XS
SM
MD
LG