Сокулукта Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, маркум куудул Асанкул Шаршеновдун 85 жылдыгы белгиленүүдө. Уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришкендей, куудулду эскерүүгө арналган иш-чара райондук маданият үйүндө өтүп жатат. Ага Шаршеновдун жакындары, маданий ишмерлер катышууда. (KKs)