Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Йеменде жанкечти 42 кишинин жанын жайран кылды


Йемендин түштүгүндөгү Абиян провинциясында жанкечти жардырган бомба 42 кишинин өмүрүн жалмады. Дарыгерлер менен өкмөттүк булактардын билдиришинче, ишемби күнү эртең менен Жаар шаарындагы жайга берүү маалындагы жанкечтинин бомба чабуулунда 38 адам жарадар болду.

Террорчу бутага “ал-Каидага” каршы согушта өкмөттүк аскерлерге жардамдашкан уруу адамдарын алганы, курман болгондордун арасында жергиликтүү отряддын командири да бар экени айтылат.

Йемендин чыгышында АКШлык пилотсуз учак урган соккудан “ал-Каиданын” автомобилде бараткан беш жоокери катардан чыкты.

XS
SM
MD
LG