Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:01

Чымкент: Өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар такталууда


Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Учурда окуя болгон жерге Алматыдагы консул Эдуард Насиров барып, иликтеп-такташтырып жүрөт.

Чымкенттеги “Бекжан” ири базарында 3-августта таңга маал өрт чыгып, андан Ош облусунун тургуну, 1980-жылы туулган Каныбек Мамасадыков ажал тапты. Маалыматка караганда, 7 миңдей орундуу базардын 7 миң чарчы метри күйгөн. Өрттүн себебин тактоо уланууда.

Элчиликтен билдиришкендей, Чымкентте 1200дөй кыргызстандык консулдук каттоодо турат. Алардын дээрлик баары базарда соода кылат. Ал эми жеке ишкер Жоодар Разаков 5 миңдей кыргызстандыктын товары күйүп кеткенин “Азаттыкка” билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG