Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия жыйынга чогулат


Анда экологиялык жана тоо-техникалык, социалдык-экономикалык жана юридикалык экспертиза боюнча түзүлгөн үч жумушчу топтун алдын ала жазылган отчету талкууланмакчы. Ошондой эле эл аралык экспертиза жүргүзүүчү компанияны аныктоо боюнча маалымат берилет.

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчетунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, кыргыз өкмөтү менен алтын кенди иштетип жаткан “Центерра Голд Инк” компаниясынын 2003-жылдагы келишими өлкө кызыкчылыгына каршы келет деп табылган.

Мамлекеттик комиссияга ушул жылдын 1-октябрына чейин эл аралык эксперттер менен бирге кенди иштетүүдөгү зыяндарды аныктап-баалоо, бир катар келишимдерди кайра карап чыгуу тапшырылган.

Башкы прокуратура да Кумтөр боюнча түзүлгөн бардык келишимдерди жана башка документтерди иликтеп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG