Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

Ысык-Көл: Ажыга барчулардын тизмеси такталууда


Ысык-Көл облусунда ажылык сапарга чыкчулардын тизмеси такталууда. Бул тууралуу “Азаттыка” облустун казысы Алмазбек Сагындыков билдирди. Быйыл облуска 336 орун берилген. Ушу тапта 130 адам каттоодон өтүп, акчасын төлөп койду. Дагы жүздөй кишинин документтери текшерилүүдө. Каттоо 25-августта аяктайт. Былтыр көлдүктөрдөн 94 адам ажыга барып келген болчу.

Жалпы Кыргызстанга быйыл Сауд Арабия ажылык үчүн 4,5 миң орун берген. Ажылык октябр айында уюштурулат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG