Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Баткенде кыргыз, тажик жана орус тилдеринде гезит чыга баштайт


Баткенде кыргыз, тажик жана орус тилдеринде гезит чыгаруу пландаштырылып жатат. Бул маселе келерки аптада Кыргызстандын жана Тажикстандын чек аралаш жайгашкан облустары – Баткен менен Согдинин жетекчилеринин жолугушуусунда каралмай болууда.

Гезит чыгаруу демилгеси Баткен облустук администрациясына таандык экенин “Азаттыкка” жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Максаты – чек арада жашаган элдин ортосунда байланышты, достукту бекемдөө. Аталышы кандай болоору азырынча белгисиз, эки-үч сунуш бар. Акыркы чечим жакында кабыл алынат. Алгачкы санын 31-августка карата чыгаруу аракети көрүлүп жатат. Каржылык жагынан эл аралык уюмдар жардам берүүдө.

Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселелерин да талкуулашат. Баткендеги жолугушууну Ысык-Көл жээгинде улантуу жагы да каралып жатканы айтылууда. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG