Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Орусияда жол кырсыгында беш кыргызстандык мерт болду


Орусияда жол кырсыгында беш кыргызстандык мерт болду. Баары Ош облусунда туулгандар экени аныкталды. Окуя 7-августта кечке жуук Москванын четиндеги Симферополь шоссесинин 31-чакырымында болгонун бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Баары тең Москванын жанындагы Подольск шаарында иштечү. Өзүлөрүнүн "Жигули" унаасы менен жумуштан үйүнө кайтып баратып жолдон "Вольво" оор жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Кыргызстандыктардын айдоочусу машинаны башкара албай калганы айтылууда.

Быйыл Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттар туш болгон бир нече ири жол кырсыгы катталып, отузга жакын адам, алардын ичинде балдар да мерт кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG