Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Тоолуу Бадахшандын борбору Хорогдо кан төгүүгө нааразылар митингге чыкты


“Азаттык” радиосунун тажик кызматынын кабарына караганда, ишембиде Хорогдун шаар акимчилиги астына 500дөн ашуун жаштар чогулган. Алар өкмөттүк аскерлердин маршруттук таксини аткылоосунан бир адам өлүп, үч адам жараат алышына нааразылык билдиришти. Бул окуя жума күнү кечке жуук болгон.

Тоолуу Бадахшандын прокуратура өкүлүнүн айтымында, ок жүргүнчү салган маршруттук таксинин айдоочусу автоинспектордун токтоо жөнүндөгү буйругуна баш ийбей койгон соң атылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Бул аралыкта расмий Дүйшөмбүнүн жакында Хорогдо өткөргөн аскерий операциясынын негизги бутасы болгон жергиликтүү кол башчы Толиб Айёмбеков “Азаттыктын” тажик кызматына алар исмаилиттердин лидери имам Ага Хандын чакырыгынан кийин куралсызданышканын билдирип, Хорогго президент Эмомали Рахмондун келишин күтүп жатышканын айтты:

- Тажикстан эми гана өз жолун таап, бутуна турууда. Бизге жаңы трагедиянын кереги жок. Биз Улуу урматтууга (президент Рахмонго) кат жаздык, бүткүл эл аны күтүүдө. Келип баарын өз көзү менен көрсүн.

Толиб Айёмбеков тажик бийликтери ага таккан айыптарды четке какты жана учурда бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастады.

Тажик өкмөтү өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин Тоолуу Бадахшандагы башчысы, генерал Абдулло Назаров киши колдуу болгондон кийин Хорогго аскер киргизип, 21-24-июлдагы атышуулардан согушкерлерди, жөн-жай тургундарды, аскерлерди кошкондо 60тан ашуун киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG