Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Казакстанда кулчулукка кабылган 8 жаран кайтарылды


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ага ылайык, Кыргызстандын 12 жараны Алматы облусунун Каскелең айылында ушул жылдын 12-июлунан бери кул катары иштеп жүргөнү аныкталган. Алардын бешөө жашы жете элек балдар.

Жабырлануучулар өзүн Алматы облусундагы кыш заводдун өкүлү деп тааныштырган адам жумасына 20 миң теңге айлык убада кылганын, Токмок шаары тараптан чек арадан мыйзамсыз, документсиз өтүп барганын айткан. Болжолдонгон жерге жеткенде ур-токмокко алынган. Текшергенде алардын айрымдарынын денелери көгала экени аныкталган. Учурда төртөө тергеп-иликтөө иштери бүткүчө Алматы шаарында болушмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG