Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Мунай заводун куруу боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод куруу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр уланат. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Сапар Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, жакында заводду курууга макул болгон Азербайжандын SOCAR компаниясы Казакстан менен сүйлөшүп, казак тарап заводго кантип, кандай баада чийки мунай берерин тактоого киришет.

- Акыркы сүйлөшүүлөрдө ушундай сөз болду. Жакынкы аранын ичинде Азербайжан менен Казакстандын ортосунда нефтини Кыргызстанга кайсы жол менен алып келүү боюнча сүйлөшүү болот. Анын жыйынтыгы менен кайра жолугушуу болот. Менимче, бир айдын ичинде дагы бир жолугушуу болуп, маселени кийинки тепкичке көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, -деди Сапар Асанов.

Кыргыз-азербайжан ортосундагы соңку сүйлөшүү 10-августта Бакыда өткөн. Кыргызстан күйүүчү май маселесин чечүү үчүн нефть иштетүүчү завод курууну көздөөдө. Казакстан заводго чийки мунай берип турууга макул болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG