Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:50

Кыргызстан казак президентин тосуп алууга камынууда


Кыргызстанга 22-23-августта казак президенти Нурсултан Назарбаев биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келет. Анда эки өлкө ортосундагы бир катар маанилүү документтерге кол коюлмакчы. Бул тууралуу "Азаттыкка" ТИМдин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди. Назарбаев буга чейин Бишкекте жумушчу жана расмий сапарлар менен болгон.

Кыргызстан менен Казакстандын дипломатиялык алака-катышы 1992-жылы 15-октябрда түзулгөн. Былтыр эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 701 миллион долларга барган.

Казакстанда эки мамлекеттин 247, ал эми Кыргызстанда 334 биргелешкен ишканасы бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG