Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Бишкек жаңы окуу жылына камданууда


Бишкектин баштапкы жана орто билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына камдана баштады. 21-августтан 29уна чейин бул тармактын орчундуу маселелери жана алдыдагы иш-план талкууланат. Мындай иш-чара баардык аймактарда жыл сайын өткөрүлүп келет.

Бишкекте шаар бийлигине баш ийген 94 мектеп, 79 бала бакча жана 6 мектептен тышкаркы мекеме бар. Аларда иштегендердин жалпы саны жети миңдин тегерегинде.

Мэриядан кабарлашкандай, быйыл мугалимдердин 1-сентябр алдындагы жолугушуулары "Билим берүү - туруктуулуктун, биримдиктин жана татыктуу жашоонун негизи" деген ураан астында өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG