Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Казакстанда оппозиция лидерлеринин соту башталды


Оппозиция лидерлери Владимир Козлов, Серик Сапаргали жана активист Акжанат Аминовдун соту өлкө батышындагы Актау облустук сотунда бейшемби күнү ачылды. Катталбаган “Алга” партиясынын башчысы Козлов жана анын шериктери мыйзамсыз топту түзгөн, эл арасында жек көрүүчүлүктү жайылткан, жарандарды конституциялык өкмөттү кулатууга үндөгөн деп айыпталууда. Кылмыш иши былтыр декабрда Жаңы-Өзөн шаарында болгон кандуу окуядан кийин ачылган эле. Мунайчылар шаарындагы коогалаңда бардыгы 17 адамдын каны төгүлгөн. Козлов жана курдаштары алар саясый жүйөөдөн улам соттолуп жатышканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG