Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

«Ата Мекен» өкмөттүн социалдык саясатын да сынга алды


«Ата Мекен» фракциясы кечээки кезексиз жыйынынын соңунда өкмөттүн социалдык багыттагы иштерин да канааттандырарлык эмес деп тапты. Депутат Жоомарт Сапарбаев социалдык чөйрөдөгү мүчүлүштүктөр өкмөттүн кетишине дагы бир негиз деп билдирди:

- Мектеп, оорукана өңдүү социалдык объектилерди өзүн өзү каржылоо системасына өткөрүүнү биз туура эмес көрөбүз. Мамлекет социалдык багытты өнүктүргөндүн ордуна, бул тармактан кол үзгөнү туура эмес, - деди Сапарбаев.

Ага чейин «Ата Мекен» фракциясы өкмөттүн тоо-кен тармагындагы ишин сынга алып, августтун аягына белгилеген кендердин аукционун убактылуу токтотууга чакырган.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси дүйшөмбү күндөн бери ачык көтөрүлүүдө. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана аны колдогон «Республика» партиясы айтылган сындарды четке кагып, өкмөттүн кетишине негиз жоктугун билдирип келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG