Аксынын Кызыл-Жар айылындагы Наманган каналына кечээ кечки сегиздерде “Фолькскваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Анын ичиндеги үч адамдын бирөөсү суудан сүзүп чыгып кетүүгө үлгүрсө, экөө суудан чыга албай калган.
Таш-Көмүр шаарындагы куткаруучулар тобу үч сааттай убакыттан кийин бул эки адамдын сөөгүн таап, жакындарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. (YA)