Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Суданда авиакырсыкта саясий жетекчилер менен генералдар набыт болду


Судандын президенти Омар ал-Баширдин администрациясы билдиргендей, кыйраган учактагы бир нече генералдар менен жогорку кызматтагы саясатчылардан тирүү калганы жок.

Өкмөттүк делегацияны салган учак Түштүк Кордофан штатына чектеш Талоди шаарына Орозо айтты майрамдоого бараткан жеринен кырсыкка кабылган.
Учакта Судандын камсыздоо министри Халил Абдалла жана дин боюнча миинистр Гази ал Садик бараткан.

Судандын авиация өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө учкучтар аба ырайынын катаалдыгына карабастан жерге конууга баратканда, учак тоого урунган. Башка кабарларда болсо учактын ичинде өрт чыкканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG