Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:59

Улуттар Уюмунун байкоочулары Сириядан чыгып кетет


Эл аралык байкоочулардын Сириядагы кызматтык мөөнөтү бүгүн кечинде аяктайт. 300 байкоочунун милдети Улуттар Уюму менен Араб лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннандын Сириядагы тынчтык планынын аткарылышына көз салуу эле. Алардын арасында Кыргызстандан 7 байкоочу болду.

Өткөн аптада Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 21-апрелден бери Сирияда кызмат өтөгөн байкоочулардын миссиясын узартпоону чечкен.

Миссиянын өкүлү Жульета Тоум байкоочулар бир нече сааттын ичинде Сириянын аймагынан чыгып кетүүгө даярдыгын билдирди.

Эми Дамаскта эл аралык байкоочулардын кызматын Улуттар Уюмунун координациялык бюросу алмаштырат. Координациялык бюродогу 20-30 аскерий кеңешчи Улуттар Уюмунун баш катчысына Сириядагы кырдаалды маалымдайт жана жаңжалдуу аймактарга гуманитардык көмөктүн жеткирилишин көзөмөлдөйт.

Сирияда президент Башар ал-Асаддын бийликтен кетүүсүн талап кылган демонстрациялар 2011-жылдын мартында башталган.

XS
SM
MD
LG