Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:40

Оппозиционер Гарри Каспаров Москвада сурак берет


Саясий оппозиционер, шахмат боюнча дүйнө чемпиону Гарри Каспаров 17-августта аны кармоо маалында полицияга кол салган деп шектелип, сурак берет.

Каспаров Хамовническ сотунун имаратынын алдында Pussy Riot тобунун камактагы кыздарына тилектештик билдиргени келгенде кармалган. Полиция болсо Каспаровго аны кармап жатканда ОМОНдун кызматкерин тиштеп алган деген кине коюуда. Текшерүүдөн кийин Тергөө комитети Каспаровго каршы укук коргоо органдарынын өкүлүнө каршы күч колдонгон деген негизде кылмыш ишин ачуусу мүмкүн.

Каспров билдирүүсүндө тескерисинче өзү полициядан токмок жегенин айтып, аны кармагандагы сүрөттөр менен видео тасманы интернетке ойду. Ал полициянын мыйзамсыз кармоосу жана жалган айып таккандыгы үчүн сотко кайрыларын айтты.

XS
SM
MD
LG