Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Ысык-Көл: дагы бир чек арачынын аялынын тагдыры белгисиз


Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде беш адамды атып салган чек арачы дагы бир аскер кызматкеринин аялын курал-жарактар сакталган кампага камап койгону айтылууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов бекетте ок чыгарган жоокерден качкан үч чек арачы ушундай көрсөтмө берип жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Үч жоокерди Сары-Жаздагы чабандар корголоп, телефон байланышы бар жерге алып келип, окуя тууралуу чоңдорго маалымдаганга жардам берген. Ок чыгарган жоокер Нива үлгүсүндөгү унааны айдай качкан.

Усубакуновдун айтымында, Эчкили-Таш чек ара бекети Каракол шаарынын 150дөн ашык чакырым алыс турат. Бирок жол жаман болгондуктан шаарга кеминде 7-8 саатта жетет. (EBM)

XS
SM
MD
LG