Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Ысык-Көлдө чек арачы айдай качкан унаа табылды


Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Калыс Жудеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, унаа чек ара бекетинен анча алыс эмес жерден табылган. Ок чыгарды деп шектелип жаткан жоокер аталган райондун Ичке-Булуң айылынын тургуну.

Бүгүн Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде бир жоокер беш адамды атып салды. Облустук милиция анда чек ара бекеттин башчысы, дагы үч чек арачы жана дагы бир аскер кызматкеринин аялы өлгөнүн маалымдады. Дагы бир аскер кызматкеринин аялын курал-жарактар сакталган кампага камап койгону айтылууда.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов бекетте ок чыгарган жоокерден качкан үч чек арачы ушундай көрсөтмө берип жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Үч жоокерди Сары-Жаздагы чабандар корголоп, телефон байланышы бар жерге алып келип, окуя тууралуу чоңдорго маалымдаганга жардам берген. Ок чыгарган жоокер Нива үлгүсүндөгү унааны айдай качкан.

Бул окуя боюнча иликтөө топ түзүлдү. Ысык-Көлдө тартип коргоо органдары коопсуздук чараларын күчөтүп, издөө, тергөө иштери уланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG