Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Хорогдогу тополоңду полиция ок атып тынчытты


Тажик полициясы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору - Хорогго чогулган миңдеген адамдарды таратуу үчүн асманга ок атты. Нааразылык акциясы мурдагы талаа командири Имомназар Имомназаровду бүгүн түнү Хорогдогу үйүндө белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кеткенден улам уюшулду.
Кол салуудан Имомназаровдун иниси, дагы бир нече адам жарадар болгону айтылууда.

Маалыматтарга караганда, чогулган эл обладминистрациянын терезелерин талкалап, имаратка кирмек болгондо полиция аларды асманга ок атып, артка кайтарган. Демонстранттар бийликти убадасында туруп, калктын коопсуздугун жана аймактагы бейпилдикти камсыздоого үндөштү. Тажик бийлиги Имомназаровду июль айында облустун коопсуздук кызматынын башчысы, генерал Назаровдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу издеп жаткан. Генералдын өлүмүнүн кийин өткөрүлгөн атайын операция кезинде 70 чакты адам окко учкан.

XS
SM
MD
LG