Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Өкмөт ун экспортуна алты айга тыюу салды


Кыргызстанда буудай жана унга баалардын өсүп кетишин алдын алуу максатында өкмөт ун экспортуна алты айга тыюу салды. Буга байланыштуу документке премьр-министр Өмүрбек Бабанов кол койгонун өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Ага ылайык, ТН ВЭД 1001 кодундагы буудай, ТН ВЭД 1001 00 кодундагы ун экспортко чыкпайт. Мамлекеттик бажы кызматы документтин аткарылышын, күч түзүмдөрү жана чек ара кызматы тыюу салынган товарлардын аткезчилик жол менен ташылышын көзөмөлдөй турган болду.

Кыргызстанда акыркы айда ун дээрлик эки эсеге, нан 2-4 сомго кымбаттаган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG