Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Иорданиялык балбандар Олимпия оюндарынан четтетилди


Иорданиялык чоюн көтөрчү эки балбан жана алардын устаты майыптардын Лондондогу олимпия оюндарына катышпай калды. Маалыматтарга караганда, алар Түндүк Ирландиянын борбору Дублинде машыгып жүргөндө өздөрүн адепсиз алып жүргөн деп шектелүүдө.

Иорданиянын паралимпиада комитетинин билдиришинче, үч балбан мекенине бейшемби күнү учуп кетет, бирок октябрда сот жараянына катышканы Дублинге кайра барышат. “Айып жасады деп күнөөлөнүп жаткан атлеттердин Олимпия оюндарына катышканы адепсиздик болмок” деп көрсөтүлөт ырасмий билдирүүдө.

Үч балбан дүйшөмбү күнү Дублинде камакка алынып, кечээ күрөөгө бошотулду. Майып спортсмендердин дүйнөлүк олимпиадасы 29-августта башталат.

XS
SM
MD
LG