Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Андерс Беринг Брейвик 21 жылга кесилди


Норвегияда сот Андерс Беринг Брейвикти өз акылында деп таап, 21 жылга эркинен ажыратты. Ослодо райондук сот былтыр 77 кишини өлтүргөнү үчүн жооп берүүгө 33 жаштагы Брейвиктин акыл-эси ордунда деп тапты.

Норвегияда өмүрүнүн аягына чейин жазалоо жок болгондуктан, Брейвик эң узак түрмө мөөнөтү болгон 21 жылга кесилди.

Бирок эгер ал коомго коркунуч келтирет деп табылса, бул мөөнөт кийин узартылышы мүмкүн.

2011-жылы июль айында Ослодо сегиз жана аралдагы жаштар лагеринде 69 кишини өлтүргөндүгүн Брейвик башынан эле мойнуна алган, бирок бир да жолу өз кылганына өкүнгөнүн билгизген эмес.

XS
SM
MD
LG