Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Бүгүн алтын, көмүр кендер боюнча аукцион өтөт


Аукционго коюлган 12 кендин ичинен Чаткалдагы Башкы-Терек алтын кени гана изилдөөгө берилет. Аукционго эки компания катышууда. Алар: “Шаардык курулуш компаниясы” жана “Керамик модерн сектори” ишканалары. Буга чейин белгиленген Жумгалдагы Акулак көмүр кени арыз берген компаниялардын жоктугунан аукциондон алынып салынды. Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Касиет Карачолокова “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, аукционго катышууга жалпысынан 48 арыз түштү. Аукцион бүгүн КТРКнын имаратында өтөт. Кендер өткөн жылы тоо-кен тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүнүн негизинде аукционго коюлуп жатат. Ага чейин эки тараптуу сүйлөшүү аркылуу иштетүүгө берилчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG