Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Сарык менен ооругандар көбөйүшү мүмкүн


Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, быйыл жай аяктап, күз айларынын башталышы менен сарык (гепатит А) оорусу көбөйүшү ыктымал. Аталган илдет кир суу ичкенден, тамактан жана оорулуу адамдан жугушу мүмкүн. Кыргызстан сарык оорусу тез тараган мамлекеттердин катарына кирет жана ооруп, катталгандардын саны боюнча КМШ өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунда турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө жыл сайын 8 миңден 14 миңге чейин адам сарык илдетине кабылат. Алардын 90% 15 жашка чейинкилер. (КE)

XS
SM
MD
LG