Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:17

Беларуста оппозициялык сайттын администраторлору камакка алынды


Роман Пратасевич, Андрей Ткачев, Сергей Беспалый жана Павел Евтихиев Минскиде, ал эми Алех Шмарук Витебск шаарында кармалганы кабарланууда. "Весна" адам укуктары борборунун билдиришинче, кармалгандардын батирлери тинтилип, кээ бирлеринин компьютери конфискацияланды.

Беларус оппозициянынын интернеттеги жамааттарынын баракчаларын тейлегендердин үчөө бир нече сааттан кийин бошотулду. Ал эми Павел Евтихиев менен Андрей Ткачев "майда бейбаштык кылган" деген кине менен беш жана жети күнгө эркинен ажыратылды.

XS
SM
MD
LG