Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Ооганстанда жанкечтилер чабуулунан 12 киши мерт кетти


Расмий өкүлдөрдүн айтымында, өлкө чыгышында эки жанкечти өздөрүн НАТОнун базасы жанында жардырып жибергенде, кеминде 12 киши набыт болгондон тышкары 50дөн ашуун адам жараат алган. Каза тапкандардын төртөө полиция кызматкерлери. Алардын арасында НАТО аскерлеринин бар болгону тууралуу кабар түшкөн жок.

Вардак провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Шахидулла Шадиддин айтымында, жанкечтилердин бир өзүн райакимчиликтин кеңсесинин сыртында, май тарткан унаа менен келсе, экинчиси акимчилик кеңсеси менен НАТО базасын бөлүп турган жолдо жардырган. Жардыруулардан улам НАТО базасынын айланасындагы базардын басымдуу бөлүгү талкаланган. (UE)

XS
SM
MD
LG