Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Конституциялык палатанын судьялары тандалат


3-сентябрдан тарта Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьяларына конкурс жарыяланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сотторду тандоо кеңешинин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, 3-сентябрдан 9-сентябарга чейин талапкерлердин арыздары кабыл алынат, ал эми 18-сентябрдан тарта тандоо сынагы башталат.

Сынак Жогорку Соттун судьяларын тандоо тартибиндей эле үч турда өтөт. Тактап айтканда, сынактын биринчи турунда талапкерлердин документтери каралат, экинчисинде аңгемелешүү болот, үчүнчү турга өткөн талапкерлер добуш берүү менен тандалат. Бирок талапкерлерге бериле турган дил баяндын темалары, суроолор кайрадан даярдалмакчы.

2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку Сот алдында Конституциялык палата түзүлгөн.

Анын курамы 11 судьядан турушу керек. Конституциялык соттун судьяларын тандоо 2011-жылы башталып, Сотторду тандоо кеңеши тандаган 11 талапкер ичинен андагы президент Роза Отунбаева аңгемелешкен соң эки гана судьяны бул кызматка дайындаган.

Ошондон бери Конституциялык палатанын 9 судьялык оруну бош турган.

Буга чейин өткөн айдын аягында Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун 32 судьясынын талапкерлигин президентке жөнөткөн. Мыйзамга ылайык, судьялардын ишке ылайыктуулугун президент териштиргенден кийин гана талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоо үчүн сунушталат.(BkA)

XS
SM
MD
LG