Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:52

Ысык-Көлдө токойдо чыккан өрт өчө элек


Жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:30га карата Түп районунун Сан-Таш айыл өкмөтүнө жакын жайгашкан Солдат капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү мүмкүн болбогонун “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каракол шаарындагы куткаруу кызматынын башчысы Нарынбек Абиров билдирди:

- Өрттү азыр өчүрө албай жатабыз. Өрт дегенибизде жердин астынан бактардын бири-бирне чырмалышкан тамырлары күйүп, андан балатыга жеткенден кийин өйдө карай күйүүдө. Мисалы үч балаты эки эле минутта күйгөнүнө күбө болдук. 400-500дөй киши бүгүн кечке өрттү өчүргөнгө аракет кылып жүрдүк, тик учактан да суу чачылды. Бирок мунун деле өрттү өчүрүүгө күчү жеткен жок.

Ал эми өрткө каршы күрөшүү кызматынын директору Мирлан Молдакматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, азыр тилсиз жоонун жайылуусу токтоду.

Болжол менен 150 гектардай жер күйдү, анын ичинде 20 гектары карагай токойу. Өрт чыккан жер бийик болгондуктан суу менен өчүрүү мүмкүнчүлүгү жок. 200дөн ашуун адам өрттү жайылтбаш үчүн күрөк менен арык казып, дагы башка ыкмаларды колдонууда.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, өрт кимдир-бирөөнүн шалаакылыгынан улам 31-августта эртең менен тутанган. (UE/AKU)

XS
SM
MD
LG