Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүлдү


"Ырыс алды - ынтымак" деп аталган жаңы коалицияга КСДП, “Ар-Намыс”, “Ата Мекен” фракциялары кирди. Келишимге аталган фракция лидерлери Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев жана Феликс Кулов кол коюшту. Мындан сырткары “Республика” жана “Ата-Журт” фракциясынын айрым депутаттары коалициялык көпчүлүктү колдой тургандарын билдиришкен. Алардын атынан кызматташуу келишимине Канатбек Исаев жана Хажимурат Коркмазов кол койду. Ал эми коалиция жетекчиси болуп “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов дайындалды.

Өткөн жылдын соңунда “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Республика” жана Социал-демократтар фракцияларынан куралган “Биримдик” коалициясы 22-августта “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” фракциялары чыгып кеткендиктен бузулган. Коалиция түзүү мандатын президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясына 27-августта тапшырган. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG