Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Евробиримдик Азербайжандан Сафаровдун иши боюнча түшүндүрмө сурайт


Евробиримдик Азербайжандан Рамил Сафаровдун эркиндикке чыгарылышы боюнча түшүндүрмө сурайт. Армян улутундагы аскер кызматкерди өлтүрүп, өмүр бою абакка кесилген Рамил Сафаровду Венгриядан экстрадициялоодо Бакы өз убадасын аткарган жок.

"Биз чогулткан маалымат боюнча Рамил Сафаровду экстрадициялоодо Венгрия менен Азербайжан ортосундагы макулдашылган шарттар бузулган. Андыктан биз азери тарап менен байланышып, иштин чоо-жайын билүүгө аракеттенебиз. Бул аймактагы ансыз дагы чыңалып турган кырдаалды курчутат", - деди Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Эштондун маалымат катчысы Майя Коцьянчич.

Венгриядан экстрадицияланган Сафаров Бакыга келээри менен президент Алиев тарабынан акталган.

2004-жылы Венгрияда НАТОнун “Тынчтык үчүн” программасынын катышуучулары Рамил Сафаров менен армян офицери Гурген Маркарян чырлашып, азер офицер армян кесиптешин Азербайжандын туусун шылдыңдады деп өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG