Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:08

“Ата Мекендин” жаштары Абдырахмановго кайрылышты


“Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты ушул эле партиядан депутат болуп шайланып келген Өмүрбек Абдырахмановго кайрылуу жолдошту. Анда Абдырахмановду жаштар улуу катары сыйлап келишкенин, бирок сыйдын да чеги болорун эскертишет. Алар депутаттын буга чейин аял киши, депутат Асия Сасыкбаева менен да айтыша кеткенин белгилешкен.

Бүгүн Жогорку Кеңеште биринчи тыныгуудан кийин жыйынга кирип келаткан депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Абдырахманов айтыша кетишкен. Абдырахмановдун “Азаттыкка” айтымында, Текебаев биринчи баштап, аны муштап өткөн. “Талап-тоноочулукту ушул жерде да көрсөтөсүңбү” деген Абдырахмановдун сөзүнөн кийин эки депутат бири-бирине карай жулунганда залда отурган депутат айымдар ажыратууга үлгүргөн. Өмүрбек Абдырахманов ордуна отургандан кийин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Текебаев аны муштаганга аракет кылганы айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG