Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Челябинскте 3 кыргызстандыктын сөөгү табылды


Орусиянын Челябинск облусундагы Пушкин кыштагында 3-сентябрда Кыргызстандын эки жараны жана Кыргызстандан барган Орусиянын бир жаранынын сөөгү табылган.

Алар: 1987-жылы туулган Кыргызстандын жараны Камалдин Адиев, 1992-жылы туулган Давранбек Ахматалиев жана Орусиянын жараны, 1968-жылы туулган Ихтияржан Жабиров. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Өлүмдүн себеби уулануу деп алдын ала айтылууда. Орусиянын аймактык тергөө комитетинин маалымат кызматы адамдар маңзаттан ууланган деген маалымат тараткан. Бирок элчиликтин билдиришинче, бул маалымат тастыкталган жок. Кыргызстандыктардын үйүнөн 2 кичинекей баштыкчада насвай табылган.

Челябинсктеги Златоуст шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө комитети каза болгон жарандар Орусияда мыйзамдуу түрдө жашаганын тастыктады. Алардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн элчилик документтерди даярдап жатат. (AKu)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG