Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Кыргызстанда маңзат менен алектенген топ кармалды


Кыргызстандын Маңзатты көзөмөлдөө кызматы билдиргендей, Чүй облусунда маңзат алып-сатып иштеген топ кармалды. Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү Кара-Балта шаарында Ысык-Көл облусунун 55 жаштагы тургуну кармалган. Кармоо учурунда андан 1,17 грамм героин алынган. Тергөө маалында анын кимдер менен иштегени ачыкталып, кийинки күнү алар да кармалды. Кармалган бирөөнүн үйүнөн 3 килограммдан ашуун героин, экинчисинин үйүнөн, тандырдын ичинен желим пакетке оролгон бир килограммдан ашуун апийим табылган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө, иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG