Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Оторбаев Дүйнөлүк банктын жыйынына катышууда


Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Швейцарияда Дүйнөлүк банк жана Дүйнөлүк валюта фондуна кирген өлкөлөрдүн мааракесине катышып жатат. Монтрё шаарында өтүп жаткан салтанаттуу жыйында өлкөлөрдүн Дүйнөлүк банк жана Дүйнөлүк валюта фондунда кызматташуусу талкууланды. Андан сырткары швейцариялык топто кызматташуунун меморандуму макулдашылды.

Швейцариянын экономика боюнча статс катчысы Мари-Габриэл Инайхен-Фляйш менен жолугушуусунда аны Оторбаев ушул жылдын ноябрында Кыргызстандагы Швейцария элчилигинин ачылышына чакырды. Бул тууралуу кырыз өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ушул иш-чарага мурдараак экс-президент Роза Отунбаева барган болчу. (AKu)

XS
SM
MD
LG