Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Кадамжайда банктын кассирин өлтүргөндөр аныкталды


Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кадамжайдагы оор кылмышка шектелгендердин бири кармалды. кылмышка шектүү дагы эки киши изделип жатат.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын билдиришинче, бул окуя 7-сентябрда Кадамждай районунун Пүлгөн шаарчасында болгон. Ушул күнү “Эко-банктын” жергиликтүү филиалынын кассири Бозулан Примов түшкү тамактануудан соң иш ордуна келген. Андан соң кассир менен кошо 2 миллион сом, 14 миң АКШ доллары, 65 миң рубль жоголгону белгилүү болгон.

Алгач банктын жетекчилиги кассирден шектенип, анын үстүнөн арыз жазган. Бирок 9-сентябрда Бозулан Примовдун кыйнап өлтүрүлгөн сөөгү табылган.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, мындай окуянын келип чыгышына банктын коопсуздук кызматынын шалаакылыгы себеп болгон. Учурда кылмыш иши ачылып, окуя тергелип жатат.(BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG