Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Косоводо эл аралык байкоочу топтун иши аяктады


Мындай чечимди Приштинадагы жолугушууда 25 өлкөнүн өкүлдөрү кабыл алышты. Буга байланыштуу жарым-жартылай таанылган өлкөдө салтанаттар өтүп жатат.

Эл аралык байкоочу топ Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялагандан тарта мамлекеттик институттарына көзөмөлдүк кылып келген. Бул топко Косовонун көз карандысыз мамлекет катары тааныган өлкөлөр кирген эле.

Учурда Косовонун эгемендигин БУУга мүчө өлкөлөрдүн жарымынан ашыгы, анын ичинде АКШ жана Европанын көпчүлүк өлкөлөрү тааныды. Бирок Косовонун көз карандысыздыгын Орусия жана Сербия тааныбай келет.

АКШнын президенти Барак Обама эл аралык көзөмөл тобунун аякташын “тарыхый учур” деп атап, ушул убакыт аралыгында Косово өзүнүн эгемендигин бекемдөөдө жетишкендикке ээ болуп, демократиялык, көп улуттуу мамлекетти түптөй алды деп билдирди.

XS
SM
MD
LG